Кытай тилинин декадасы
Кытай тилин окутуучу №95 мектеп-гимназиясында февраль айында «Бүгүнкү Кытай»»今日中国» деген темада декадасын өткөрүштү. 1-февральда №95 мектеп-гимназиясында декаданын ачылышы болуп өттү. Декаданын ачылышына БГУ университетинин алдындагы Конфуций институтунун кытай тарабынан жана кыргыз тарабынан директорлор жана волонтерлор келип күбө болуп кетишти. Декаданын ачылышына кытай тили мугалимдери атайын чакан программада концерт уюштурушкан. Бул программада биздин мектептин таланттуу окуучулары өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, ырдап, бийлеп, комуздун коштоосунда кытайдын ыры аткарылды жана ошондой эле көркөм окуу болду. Программада кытай элинин улуттук «Жаз» майрамы дагы белгиленип өттү. 🏮🏮🏮🎎ДекДекадабыздын ар бир күнүндө ар кандай кызыктуу конкурстар жана оюндар менен коштолду.
«Бүгүнкү Кытай»»今日中国» декадасанынын 2- күнүндө кол өнөрчүлүк боюнча жана сүрөт тартуу боюнча окуучулар арасынада атайын конкурс уюштурулган. Конкурста окуучулар панда, ажыдаар(дракон), желдеткич (веер), баш кийим жана ар кандай кооздуктагы жасалмаларды жасашып, сүрөттөрдү тартып келишти. Бул жасалгалар атайын мектептин көргөзмөсүнө коюлуп, алардын кылган эмгегин адилеттүү баалоо максатында атайын мектеп мугалимдери тарабынан добуш берүүгө коюлду. Ал эми бул конкурстун жыйынтыгын биздин окуучуларыбыз чыдамсыздык менен күтүүдө. 🎎💐
Ал эми «Бүгүнкү Кытай»»今日中国» декадасында кол өнөрулүк конкурсту утурлай эле, күндүн экинчи бөлүгүндө «Бүгүнкү Кытай»»今日中国» деген темага байланыштуу атайын көргөзмө болуп өттү. Бул көргөзмө аркылуу окуучуларыбыз бир гана байыркы кытай элинин тарыхы гана менен эмес, бүгүнкү күндөгү кытайдын тез өнүгүү жолу менен да таанышып өттү.
Кытай тили декадасынын 3-күнү да абдан шаңдүү маанайда өттү. Бул күнү мектеп волонтеру Цай Юйтинь 10-а классы менен пельмен (饺子) жасоо боюнча мастер класс өттү. Мастер класста окуучулар 4 тайпага бөлүнүп, анын жасалыш тарыхын айтып беришти, пельмен (饺子) жасап жарышышты жана кызыктуу суроо-жооп оюндары болуп өттү. Бул мастер класста окуучулар абдан кызыгуу менен пельмен (饺子) жасап жана даамын татып көрүштү. Ошондой эле жыйынтыгында 4 тайпанын жасаган пельмендери (饺子) «Абдан даамдуу», «Тоюмдуу», «Эң бат» жана «Эң кооз пельмен» 🥠аттуу наамдарга калыстардын чечими менен ээ болушту. Окуучулар үчүң абдан кызыктуу жана пайдалуу сабак болду.
Андан кийинки күнүндө 7-8-класстар арасында спорттук мелдеш болуп өттү. Бул спорттук оюнда балдардын шамдагайлыгын сынашты жана окуучулар арасында биримдикти чыңдашты.
Жана ошондой эле 9-10-11-класстарга «Кашкар гүлү»деген аталыштагы тасма көрсөтүлдү. Бул тасмада романтикалык жана таасирдүү сүйүү окуясын баяндап, аймактын кооз жаратылышын жана улуттук каада-салтын көрсөтүп, көрүүчүлөргө Синьцзяндын акыркы он жылдыкта тез экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн жетишкендиктери» тууралуу айтып берди. «Тасма 2020-жылы Кытай кино каналынын программалык борбору жана Кытай жаңылыктар кызматынын Синьцзяндагы бөлүмү менен биргеликте тартылган.
Андан кийинки күнүндө окуучулардын арасында «Көркөм окуу» боюнча конкурс өткөрүлдү. Бул конкурска 2-10-класстын окуучулары катышышты. Бул конкурска да окуучулар абдан жакшы даярданыш келишти жана окуучулар туура окуу жана көркөм окууга үйрөнүштү. Бул конкурстан кийинки бөлүгүндө 5-6 класстын окуучуларынын арасында кытай жомокторун чагылдырып сценка көрсөтүштү. Алар абдан кылдаттык менен даярданышып, өзүлөрүнүн актердук чеберчилигин көрсөтүп беришти. Катышкан окуучулардын өзүлөрүнө татыктуу наамдарга ээ болушту. Катышкан класстардын кытай тилинен берген мугалимдери да чоң жоопкерчиликти сезип, балдарга туура жана так айтууга, аткарууга үйрөтүштү.
Декаданын акыркы конкурстарынын бири бул 9-класстар арасындагы «Суроо-жооптор» болуп өттү. Бул бөлүгүндө окуучуларга атайын тапшырма берилип, ошол берилген тапшырма боюнча суроолор даярдалган. Ар бир окуучу өз иштерин мыкты аткарып, суроолорго туура жана так жооп бергенге аракет кылышты.
Бугүн 4-февральда «Бүгүнкү Кытай»»今日中国» декадасынын дагы бир бөлүгү мектеп ичиндеги окуучулар арасында кытай тили сабагынын олимпиадасы 📃🖊️ болуп өттү. Бул олимпиадага 5-11-класстарынын окуучулары катышышты. Олимпиаданын тапшырмасы жазуу жана аудирование түрүндө болуп өттү. Өтүлгөн темалар боюнча жана HSK экзаменинин алынган жазуу иштери кошулду. Окуучулар олимпиаданын жыйынтыгын декаданын жабылуу мааракесинде биле алышат.
Комментарии