Минималдуу талаптардын аткарылышын талдоо жана далилдөө
БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН МАЗМУНУ ЖАНА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КАМСЫЗДАЛЫШЫ
№
Өзүн-өзү баалоонун критерийлери:
Билим бepүү мекемесинин анализи (өзүн-өзү баалоо)
Далилдер:
1.1
Окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын , базистик окуу планынын талаптарына жана кызыктар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү
№95 МГ өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы укуктук ченемдик актыларга жана мектеп уставына таянып жүргүзөт.
Окуу планы мамлекеттик стандарттын талаптарына туура келет жана КРнын ББИМнин 2021-жылдын 20-августундагы № 1460/1 буйругу менен бекитилген, базистик окуу планына ылайык түзүлгөн.
I баскыч башталгыч мектеп, 1-4-класстары (4 жыл)
II баскыч — негизги мектеп, 5-9 -класстары (5 жыл)
III баскыч -орто мектеп, 10-11- класстары (2 жыл)
Окутуу 3 сменада жүргүзүлөт. Сабактардын узактыгы
45 мүнөттөн, ар бир сабактын аралыгы 5 мүнөттүк жана 3-сабактан кийин 10 мүнөттүк тыныгуу менен өтөт.
Биринчи класска окуучулар электрондук каттоо системасы аркылуу кабыл алынат.
Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыктар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү
Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына ылайык китепкана иш алып барат. 5-6-класстын окуу китептери билим берүүчү программалардын жана мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына дал келет. Ата-энелерге “Жаңы китеп” боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле кызыктар тараптардын керектөөлөрүнө толугу менен ылайык келет. Усулдук колдонмолор , дидактикалык материалдар жетиштүү деңгээлде. Стандарттык билим берүү программалары, окуу планынын көчүрмөсү, КТП, сабактардын пландары мамлекеттик стандартка дал келет.
Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыктар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун механизминин болушу.
Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында бардык шарттар түзүлгөн. Ленин райондук Билим берүү борбору жана Кытай Эл Республикасынын элчилиги тарабынан мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, окуу китептери, усулдук колдонмолор менен камсыз кылынган. Билим берүү сапатынын жогорулап, окуучулардын чет өлкөлөргө ташыруусу көбөйүүдө.
Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында WhatsApp, Zoom, Classroom, Telegram, мектептин сайты аркылуу ата-энелерге маалымат жеткирилип турат.
Пандемия учурунда Кытай тилин окутуу боюнча институт Конфуций менен биргеликте атайын ютуб каналы түзүлүп, азыркы күнгө чейин колдонулууда.
Мектептин ишмердүүлүгү билим берүү программасынын мазмунуна дал келиши.
Билим 6epүү максаты жана милдеттери мамлекеттик стандартка жана кызыктар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келиши.
Стандарттык билим берүүнүн усулдук колдонмолору менен иш алып барышы.
Билим берүү сапатынын жогорулашынын жыйынтыгында чет өлкөлөргө чыккан окуучулардын санынын көптүгү.
Көпчүлүк окуучулардын Кытай Эл Республикасынын окуу жайларына тапшырышы.
Материалдык-техникалык базасынын кенендиги.
Алсыз жактары:
Мектептин сыйымдуулугуна окуучулардын санынын дал келбеши.
Ата-энелердин мектеп турмушуна, көйгөйүнө салымдын азыраак кошкондугу.
Китептердин жетишсиздиги.
Ички-тышкы миграциянын таасири.
Лабораториялык кабинеттердеги керектүү каражаттардын жетишсиздиги.
КОМПЕТЕНТТҮҮ ОКУТУУНУ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИН БААЛОО.
2.1.
Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушу
Мектеп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыккан билим берүү программаларынын алкагында иш алып барат. Билим берүү программалары инсандын жалпы маданиятын жана коом турмушуна ыңгайлашуусуна багытталган. Билим берүүнүн сапатын арттыруу максатында тажрыйбалуу мугалимдер иштеп чыккан программа, пландарынын негизинде иш алып барышат. Мектептин усулдук бирикмелеринин пландарына ылайык иш жүргүзүлөт. Максаттар жаңы стандартта окуучуга окуу чөйрөсүн уюштурууга, окуучунун өз алдынча изденүүсүнө багытталган.
Мугалимдер жаңы стандарттын негизинде предметтик стандарттын талаптарына ылайык сабактарды пландаштырылат.
Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу
Мамлекеттик билим беpүү стандарттарынын талаптарына ылайык мугалимдер окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуп сабак өтүшүүдө. Аралыктан окутуу учурунда мултимедиалык программаларды (WhatsApp, Google Meet, Zoom, Classroom, Telegram, Learning Apps,Bandigam,Uchi.ru) колдонуу менен сабак өтүштү. Онлайн тесттер Google classrum аркылуу администрация тарабынан системалык түрдө алынды.
“Жүрөгүмдү балдарга арнаймын” сынагында презентациялар жаңыча технология менен жасалды.
Ар бир кабинет проекторлор, интерактивдүү доскалар, интернет менен жабдылган.
К.Карасаев атындагы БГУнун алдындагы Конфуций институту менен биргеликте №95 МГ нын мугалимдери жана окуучулары “Кытай тилин үйрөнөбүз” аттуу телепроектисинин алкагында 32 теле сабактары тартылып, “Санат тв” телеканалынын ютуб каналына жүктөлгөн.
Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым механизминин болушу
Окутууну баалоодо мугалимдер өз ара тажрыйба алмашуу максатында жана ачык сабактарга график боюнча катышып турушат. Ата-энелер менен байланыш чейрек сайын чогулуштар өткөрүлүп турат. 2018-2019-окуу жылынан баштап мектепте “Күндөлүк” электрондук журналы пайдаланылат. Ал аркылуу ата-энелер менен тыгыз байланышып, кайтарым байланыш жүргүзүлүп турат.
Билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун обьективдүү жана ачык айкын системанын болушу.
Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун ведомосттору уюштурулган. Окуучулардын жазуу жана оозеки иштеринин негизинде чейректик жана предметтер боюнча мониторингдер жүргүзүлүп турат. Билим сапаты төмөн жана жогорку көрсөткүчтү көрсөткөн сабактарды көзөмөлгө алып усулдук бирикмелерде иштер жүргүзүлөт.
Мектептин Уставынын негизинде экстернат формасында окутуу жүргүзүлөт. Экстернат формасында окуган окуучулар атайын жүгүртмөнүн негизинде аралык аттестациядан өтүп турушат.
Окуучуларды баалоонун колдонулуучу эрежелери, жол жоболору жана жыйынтыктары, ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушу
Мектепте окуу процессине, класстан тышкаркы иштерге, кароо-сынактарга, спорттук мелдештерге дайыма мониторинг жана мезгил-мезгили менен баалоо жүргүзүлүп турат. Окуучуларга баалоонун колдонулуучу эрежелери, жол-жоболору жана жыйынтыктары ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасы толук жеткирилген. Баалоодо: диагностикалык, формативдик жана жыйынтыктоочу баалоолор колдонулат.
Мектептин бүтүрүүчү класстарында (9-11-кл) мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоодо алган билимдери бааланат. Эгерде окуучу канааттанбаса, аппеляцияга келет. Аппеляция берүү процедурасы жыйынтыктоочу аттестациялоонун жобосуна ылайык жүргүзүлөт. Акыркы беш жылда кайрылуулар боло элек.
Коопсуз өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу
Мектепте коопсуз,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өрт коопсуздугу жөнүндө типтүү жобосу өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ынгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо соц.педагог, психолог, ИДН, тарбия иштери боюнча директордун орун басары, администрация, класс жетекчи жана ата-энелер менен биргеликте иш жүргүзүлөт.
Мектепте медкабинет бар, жыл сайын окуучулар медосмотрдан өтүшөт жана эмдөө жүргүзүлүп турат.
Окуучулар сабактан кийинки учурда мектеп ичиндеги ийримдерге:спорттук, комуз, бий, кытай тили.кол өнөрчүлүк, ораторлук өнөр ийримдерине катышат.
Кызыктар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол жоболордун болушу.
Кызыктар тараптардын арыздарын каттоо менен алардын талаптарын канааттандыруу үчүн мугалимдер жамааты менен биргеликте иш жүргүзүлөт.
Кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболору токтомдордун негизинде жүргүзүлөт.
Мугалимдердин арыздары: жумушка кирүү, бошонуу, сурануу ж.б. профсоздук комитетте этика коммиссиясынын жобосунун негизинде каралат.
-Мектепте базистик окуу программасынын негизинде компотенттүү окутуу боюнча иш алып барылат.
-Инновациялык технологияларды колдонуу менен сабактар өтүлөт.
-Пандемия учурунда 2 мугалим ЭЛТРилим билим ТВ сабак берүүгө катышкандыгы.
-“Күндөлүк” электрондук журнал системасынын колдонулушу.
-Окуучулардын ар кандай ийримдерге катышуусу.
Алсыз жактары:
-Окуучулардын окуу китеби менен толук кандуу камсыз болбогондугу.
-Ички жана тышкы миграциянын окуучулардын билим сапатынына тийгизген таасири.
КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ
3.1
Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келиши
Мугалимдер үчүн негизги жумуш берүүчү болуп, мектеп эсептелет. Мугалимдерди ишке кабыл алууда жана бошотууда, кызматтан жогорулатууда Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин негизинде алынат. Педагогикалык кызматка билими жөнүндө диплому бар, тийиштүү педагогикалык квалификациясын ырастаган педагогикалык адистикке ээ болгон жарандарга эмгек келишимдери түзүлүү менен кабыл алынат.
Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол жоболордун болушу.
Мектепте билим берүү процессинин катышуучуларынын коопсуздугун алдын-алуу максатында 12 видео-көзөмөл камералары коюлган. Окуучулардын сабакка келип кетүүсү боюнча класс жетекчи тарабынан ай сайын табель толтурулуп турат. Ошондой эле мектепке келген ата-энелердин, коноктордун жана башкалардын кирип, чыгуусун көзөмөлдөй турган кызматкер жана нөөмөтчү мугалимдер иш алып барат.
Мектепте мугалимдерге усулкана жана сабакка даярдануу максатында кабинет бар. Эс алууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Мугалимдер медкароодон жылына өтөт, жашына жараша эмдөө жүргүзүп турат.
Мугалим жана окуучулардын өз ара мамилелерин баалоодо сурамжылоолор алынып турат.
Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу мотивациялоо системасынын болушу
Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүүдө мектеп ичинде тренингдер,мастер-класс, тегерек столдор уюштурулуп жана тажрыйба алмашуу сабактарга катышуулар болуп турат.
Мектептин мугалимдер коллективинин кесиптик квалификациясын жогорулатуу, аларды күнүмдүк окутуу боюнча шарттарды түзүү жана аларды жаңы инновациялык билим берүү усулдары жана технологияларына окутуу өнүгүү программада максат катары коюлган. Ар бир усулдук бирикмедеги мугалимдер мектептин усулдук темасынын негизинде темаларын тандап алышып, окуучулардын билим сапатын көтөрүүнүн үстүндө иштеп келет. Мугалимдерди мативациялоо максатында 2022-жылга чейин стим.фонд жүргүзүлүп турган.
– Мугалимдердин өз билимин өркүндөтүү үчүн курстардан өтүшү,райондук,шаардык конкурстарга,тренингдерге катышуусу
-Пед.кадрлардын толуктугу
-Кабинеттердин ал абалынын жакшысы.
Алсыз жактары:
-Дарыгерлер борборунун кызматкерлеринин толук штатта иштебегендиги
-Стимфонддун жоктугу
МАТЕРИАЛДЫК -ТЕХНИКАЛЫК БАЗА
4.1.
Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын
(жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт залдын болушу)
Мектептин жалпы ички аянты-5599.5м2
Мектепте окуу кабинеттери жарык жана жылуу. Мектептин кире беришинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус орнотулган. 30 окуу кабинети бар. Ар бир кабинетте компьютер, принтер коюлган. 1 информатика кабинети- анда 31 компьютер. 1 лингофондук- кабинети –анда 30 компьютер. Проекторлор, интерактивдүү панелдер бар. 33 видео- байкоо орнотулган.
Эки кабаттан турган (душу менен) спорт залы жана бардык шарты менен жабдылган 300 орундуу ашкана, 200 орундуу жыйын залы бар.
Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун талаптарын сактоо (экологиялык,санитардык эпидемиологиялык гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, Эмгекти коргоо жана техникасынын эрежелери)
Окуу имаратынын коопсуздугу, тиешелүү санитардык-гигиеналык шарттардын аткарылышы, класстык бөлмөлөрдөгү нормага ылайык жылуулуктун болушу, желдетилиши, таза суу жана пандус менен камсыз болушу сыяктуу орчундуу маселелер Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтү тарабынан 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 токтому менен бекитилген “Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдерге” ылайык түзүлгөн. №95 мектепте санитардык- эпидемиологиялык шарттарды сактоо жөнүндөгү ички эрежелери жана мектептин “Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо” боюнча усулдук колдонмосун жетекчиликке алуу менен жүргүзүлөт. Окуучулардын ден соолугун коргоо, жугуштуу ооруларын алдын алуу үчүн медайым менен бирдикте лекциялар окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Мектепте санитардык-эпидемиологиялык кызматтын жана гигеналык эрежелер жана ченемдер Билим берүү башкармалыгынан келген буйруктар жана алгоритмдердин негизинде ишке ашырылат.
Өрт коопсуздугун алдын алуу жана эмгекти коргоо, коопсуздук техникасынын эрежелери боюнча мугалимдерге, окуучуларга жана тех.кызматкерлерге нускаманын негизинде түшүндүрүү иштери өткөрүлөт, журналга кол коюлат.
Химия, физика, технология, информатика кабинеттеринде жана спорт залда окуучулар үчүн коопсуздук техникалык эрежелер өткөрүлүп, атайын журналдарга таанышкандыгы тууралуу колдору коюлат.
Материалдык –техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу.
Материалдык –техникалык базаны өнүктүрүү планы иштелип чыгып, ал боюнча иш алып барылат. 2022-жылы Кытай Эл Республикасынын элчилигинин колдоосу менен хареографиялык чоң зал курулган.