Мамлекеттик туу күнү жана Ак калпак күнү белгиленди.
Бугун 3-мартта кытай тилин окутуучу №95 мектеп гимназиясында Кыргызстандын мамлекеттик туу күнү белгиленүүдө. Бул датага арналган атайын салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Өлкөнүн мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтому менен бекитилген. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Күндөй тегеректин ичинде Кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген. Желектин туурасы анын узундугунун бештен үч бөлүгүн түзөт. Жаркыраган тегеректин диаметри желектин туурасынын бештен үч бөлүгүн түзөт. Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк — үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон. Желектеги белгилер элибиздин улуттук руханий дүйнө таанымынан жана басып өткөн тарыхый жолунан жаралып келип чыккан символдор. Бул символдордун мамлекеттик желекте айкалышта чагылып турушу — дөөлөттүн көөнөрбөстүгүн, ыйыктыгын, элибиздин өткөндү унутпай, келечекке ишенимдүү кадам койгондугун айгинелеп турат. Авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков. Мына ошол күндөн тартып өлкөдө желек күнү салтанаттуу түрдө белгиленип келет.
Жана ошондой бул күндө Ак калпак күнү да белгиленди. Жогорку Кеңеш өзүнүн 2016-жылдын 29-июнундагы «5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизип, 5-мартты — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары жарыялаган. Бугунку иш-чараны кыргыз тили кафедрасынын мугалимдери кызыктуу, шаңдуу кылып өткөрүп беришти. Бул майрамда окуучулар Ак калпактын пайда болуу тарыхын, анын пайдасын дагы бир жолу эске салып өтүштү.
Комментарии