Менин укугум!
Конституция же башмыйзам – өлкөнүн негизги (башкы) мыйзамы, мамлекеттин өзгөчө укуктук документи. Конституция мамлекеттин жана коомдун түзүлүшүнүн негиздерин, адамдын жана жарандын укуктук абалынын негиздерин жөнгө салат.Кыргызстан эгемендик алгандан кийин туусу, герби, гимни жана улуттук валютасы кабыл алынып, булардын бардыгы тең Конституция менен бекитилген. Жыл сайын биздин өлкөбүздө 5-майда конституция күнү белгиленип келет. Ал эми ар бир жаран өз укугун билүү максатында республикабызда мектептер арасында «Менин конституциялык укугум» деген темада конкурс жарыяланган. Ал конкурска кытай тилин окутуучу №95 мектеп-гимназиясынын 5-классынын окуучулары катышып 1-орунга ээ болушту. Бул дагы биздин мектебибиз үчүн эң сонун жетишкендиктерини бири.
Комментарии