Нооруз — майрамы!
Жаз айынын жадырап келиши менен бирге, жаңы жыл майрамы же Нооруз майрамы да кирип келет. 21-март күнү кыргыздар баардык Борбордук Азия калктарындай эле Нооруз майрамын жаз мезгилинде күн менен түндүн узактыгы, теңелген күнү белгилешкен. Бул майрам абдан шаңдүү маанайда өткөрүлүп келет. Ырдап-чоордоп, ар кандай кызыктуу оюн-зоокторду уюштурушуп, бири-бирине бакыт-таалай, ырыс, тынччылык менен жыргалчылыкты каалашып, таарынычтарды кечиришип, өзгөчө маанайда салтанаттуу өткөрүшкөн. Бул майрамды кытай тилин окутуучу №95 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили декадасынын жабылышы менен бирге кыргыз тилинен берген мугалимдери абдан сонун өткөрүп беришти. Бул майрамда ырга-бийге толгон программалар көрсөтүлдү. Концерттин башында биздин умай энебиз аластап берген соң мектеп директору Сардарбекова Айнура Карагуловна өз каалоо-тилек сөздөрүн айтып өттү.
Андан соң «Нооруз» майрамында жасалып жүргөн жана Нооруздун символу болгон тамагыбыз «Сүмөлөктүн» жаралуу тарыхын чагылдырып, окуучуларыбыз көрсөтүп беришти. мунун менен бирге окуучулар өзүлөрүнүн актердук чеберчилигин көрсөтө алышты.
Андан кийин 5 классынын окуучулары «Манастан» үзүндү айтып беришип, чопо чоор ойноп жана майрамга арналган ырлардан көркөм айтып беришти.
Жана ошондой кыргыздын каада-салты болгон «Кыз узатуу» салтын 8″к» классынын окуучулары чагылдырып беришти.
Биздин башталгыч класстын окуучулары да бул майрамга арналган «Нооруз» аттуу шаңдуу ырды аткарып беришти жана биздин сыймыктуубийчи кыздарыбыздын бийине күбө боло алдык. Ошону менен «Нооруз» майрамына арналган чакан концертти кыргыз тили кафедрасынын жалпы мугалимдеринин аткаруусундагы ыр менен жыйынтыкталды.
Комментарии