Жолдо жүрүүнүн эрежелери!
Кытай тилин окутуучу №95 мектеп-гимназиясында 7-класстар арасында «Жолдо жүрүүнүн эрежелери» боюнча конкурс болуп өттү. Бул конкурска 7-а, 7-б, 7-в, 7-г жана 7-ак класстары катышышты. Конкурстун шарты боюнча ар бир командада 4бала жана 1кыз болду. Ар бир команданын окуучулары активдүү катышышып, абдан кызыктуу таймаш болуп өттү. Конкурска балдар даярдануу менен бирге жолдо өзүн алып жүрүү тартибин үйрөнүшүп, мектеп инспекторуна, балдарга эрежелерди көргөзүп беришти. Бул конкурста: Окуучулар жолдо жүрүү эрежесин билди; Жол белгилерин так билүүгө үйрөндү; Жол жүрүүдө жол эрежесин сактап, абайлап жүрүүгө үйрөнүштү.
Комментарии