ШГ № 95 Школа-гимназия № 95 с углубленным изучением китайского языка

Институционалдык аккредитация

                                         Институционалдык аккредитация     

                                       КТО №95 МГ

 

                ♦Институционалдык аккредитация  ♦

Институционалдык аккредитация Институционалдык аккредитацияИнституционалдык аккредитация

 Институционалдык аккредитация    

  1. Минималдуу талаптарды аткаруунун анализи жана далилдөө базасы

 

 Өзүн-өзү баалоо критерийлериБилим берүү уюмунун анализи

(өзүн-өзү анализдөө)

Далилдөөчү база
БАШКАРУУНУН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАМСЫЗДОО САЯСАТЫ
1.1.Билим берүүнүн стандартына жана кызыктар тараптардын аныкталган керектөөлөрүнө ылайык билим берүүчү уюмдун ишин жөнгө салуучу бектилген ички актылардын болушу.Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндөгү мыйзамы, Президенттин жана Кыргыз Өкмөтүнүн указдары, республикалык, муниципалдык деңгээлдеги ченемдик актылар. Кытай тилин окутуучу №95 МГ Уставы, мамлекттик стандарттын негизинде иштелип чыгып, бекитилген мектептин ишин жөнгө салууучу жоболор, локалдык актылар, мектептин өнүгүү концепциясы, башкаруучулук ишмердүүлүгүнүн концепциясы, билим берүү программасы менен кызматтык келишимдер, буйруктар жана төмөндөгү локалдык нормативдик актылар багыты менен иш алып барат.

Локалдык актылардын мазмуну

1. Кызматкерлер менен мамилени калыптандыруучу локалдык актылар

2. Өзүн-өзү башкаруучу органдарынын ишмердүүлүгүн калыптандыруучу локалдык актылар

3. Административдик ишмердүүлүктү калыптандыруучу локалдык актылар

4. Окуу процессин калыптандыруучу локалдык актылар

5. Усулдук иштерди калыптандыруунун локалдык актылар

6. Жардам берүү кызматынын ишмердүүлүгүн калыптандыруучу локалдык актылар

Келишимдер:

Эмгек келишими;

Материалдык баалуулуктар боюнча жоопкерчилик

Ата-энелер менен мекеменин ортосундагы келишим

ЖОЖайлар ортосундагы келишимдер.

 

 

 

 

 
1.2.Билим берүү уюмунун бекитилген комиссиясынын, кызыктар тараптарынын керектөөлөрүн жана өзүн-өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландардын болушу.

 

Педагогикалык кенештин чечими  менен   бекитилген мектептин миссиясы, максаты  мектептин стратегиялык  планында  жана учурдагы окутуп тарбиялоону жакшыртуу планында чагылдырылган. Мектепти жана кызыктар тараптарды өзүн-өзү  баалоонун  жыйынтыктары  эске алынып, стратегиялык планга киргизилген. Стратегиялык  максаттар жана индикаторлор, ошондой эле аларга жетишүү планы иштелип чыккан. Стратегиялык максаттар билим берүүнүн сапатына жетишүүгө багытталган  өнүгүү максаттары жана пландары кызыкдар тараптар менен талкууланган. Мектептин миссиясы: Коомчулук менен тыгыз байланышта окуучуларга сапаттуу билим берүү менен коомдо өз ордун таба билген, ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялоо.

Мектептин максаты: интерактивдүү усулдарды жана заманбап технологияларды пайдалануу аркылуу, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана компотенттүүлүккө тарбиялоо.

 
1.3.Билим берүүнүн сапатын камсыздоо жана жооптуу адамдардын/түзүмдөдүн болушуБилим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу үчүн мектеп тынымсыз иш алып барат. Директордун буйругу менен билим сапатын камсыз кылуу максатында администрация мүчөлөрүнө функционалдык милдеттер  бөлүштүрүлгөн. Мектепте билим сапатын камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Билим сапатын көтөрүүгө карата усулдук бирикмелерде, усулдук  кеңеште, педагогикалык кеңешмелерде предметтердин берилиши, абалы, окутуунун методикалык ыкмалары, предметтер боюнча билим сапатынын мониторинги каралып, жетишкендиктери, кемчиликтери талкууланып, баалоо, толуктоолор жана сунуштоолор берилет. Сабактардын сапаттуу өтүлүшү системалуу түрдө көзөмөлдөнүлөт. Билим берүү сапатын камсыз кылуу системасын ишке ашырууда локалдык документтер менен иштер жүргүзүлөт.

Окуучулардын билим сапаты чейрек сайын аныкталат, талданып, аны жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүп, отчет берилет.

Мектеп мугалимдеринин өткөргөн окуу жыл ичинде  сабактын максатына жетүү иш аракеттери, сабактары, башка түрдөгү  иш- чараларына катышып, алардын формасы жана мазмуну анализделинет.

Окуучулардын окуу жүктөмүнө, санитардык гигиеналык талаптардын  аткарылышына көзөмөл жүргүзүлөт. Окуучуларды  мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга даярдоо, уюштуруу иштери жүргүзүлүп, окуу жылынын аягында бүтүрүүчүлөргө окууну аяктагандыгы тууралуу документ берилет. Насаатчы катары бөлүнгөн  мугалимдер бирдиктүү иш планынын негизинде жаш адистерге  усулдук жардам көрсөтүшөт. Усулдук кеңештин иш мерчеминин негизинде төмөнкүдөй иштер аткарылат:

-насаатчы мугалимдердин сабактарына жаш мугалимдердин катышуусун уюштуруу;

-жетишпеген, аттестацияланбаган окуучулар менен иш алып баруу;

-артыкчылыгы менен аттестат, артыкчылык күбөлүк менен аяктоочу окуучулар менен иш-чараларды уюштуруу;                                                                               —

-предметтик декадаларды өткөрүү;

Мектепте 7 усулдук бирикме иштейт.

Ар бир кабинеттер компьютер,принтелер(мугалимдер үчүн) жана 30 проекторлор менен жабдылган.Ощондой эле 15 кабинет интерактивдүү доскалар менен камсыздалган.Усулдук бирикме жетекчилери өздөрүнүн иш мерчеминин негизинде  билим сапатын көтөрүүгө басып жасашып, окуу бөлүмүнүн башчысы менен биргеликте иш алып барышат. Мугалимдердин өз ара сабактарга катышып, өз ара  сабакка анализ беришип, өз пикирин сунушташат.

Билим сапатын камсыздоо саясатын жүргүзүүдө жооптуу адамдар буйруктун негизинде бекитилген, өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так билет, ар бир мугалимге предметтери, класстары боюнча салыштырмалуу мониторинг жүргүзүлөт.

 

 
1.4.Персоналдын, окуучулардын, социалдык өнөктөрдүн жүрүм-турумунун бекитилген этикалык ченемдердин болушу.Мектеп Уставдын негизинде иш алып барат.

Мугалимдердин  жана окуучулардын жүрүм-туруму мектептин эмгек тартибинин ички эрежесинде каралган.Мугалимдин жүрүм-туруму боюнча “Этика” коммисиясы түзүлгөн.

Ал эми окуучулардын этикалык ченемдерин сактоо боюнча ар тараптуу иш чаралар: мектеп парламенти,тарбия завуч,соцпедагог,ИДН жана сырттан келген долбоолор  менен тренинг, тегерек стол,жыйналыштар болуп турат.

 

 
1.5.Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондай эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү  механизмдеринин жана жол жоболорунун болушуМектепте окуучулардын  билим алуусу үчүн коопсуз физикалык жана психологиялык ыӊгайлуу шарттарды түзүү максатында бардык аракеттер көрүлгөн,чөйрөнүн коопсуздугун мониторингдөө жол-жоболору жана механизмдери иштелип чыккан жана бекитилген.

 

 
1.6.Кызыктар тараптарды тартуу менен чечимдерди кабыл алуунун жана тиешелүү оңдоолорду киргизүүнүн колдонуудагы механизмдеринин болушуМектепте кызыктар тарапты менен чечимдерди кабыл алууда жана оңдоолорду киргизүүдө: директордун алдындагы кеңешмеде,педагогикалык кеңешмеде,ата-энелер чогулушунда,УБнин чогулушунда каралып ,чечим кабыл алынат.  Тиешелүү токтомдор, буйруктар жазылат.
1.7.Билим берүүнүн колундагы маалыматтык системасынын, веб-сайттын, электрондук почтанын болушуМектептин маалыматтардын электрондук системасына ээ. Маалыматты чогултууга, кайра иштетүүгө, киргизүүгө, талдоого жооптуу адамдар бар. Маалыматтар мектептин  жыл сайын жүргүзүлүүчү өзүн-өзү баалоосу жана мектепти өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча пландоо үчүн чогултулат, сакталат, талданат. Мектептин эффективдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн системасы мектептин  стратегиялык планында  көрсөтүлгөн. Керектөөлөрдү канааттандыруу боюнча баалоо жүргүзүү үчүн ата-энелерди, билим алуучуларды сурамжылоо,контингент жөнүндө сандык маалыматтар жана окуудагы жетишкендиктин көрсөткүчтөрү ж.б. колдонулат. 

 

Күчтүү жактары: мектеп локалдык актылырдын негизинде иш жүргүзөт.

  • Интернет жогорку ылдамдыкта болуп, мугалимдердин 100% колдоно алгандыгы
  • Сабак окутууда интерактивдүү досканы пайдалануу, мектепте интернет байланышынын жеткиликтүүлүгү
  • Ар бир кабинет проекторлор, компьютерлер менен камсыз болушу.
  • Мектеп толугу менен жаңы иновациялык технологиялар менен жабдылган
  • Окутууну жана тарбиялоону жакшыртуу планынын жана стратегиялык пландын максаты туура коюу менен мектеп ичиндеги ар кандай билим берүү көйгөйлөрдүн чечилиши.

Алсыз жактары: Социалдык жактан коргоого муктаж болгон окуучулардын жылдан-жылга көбөйүшү.

-Физика, химия, биология  сабактары  боюнча   лабораториялык иштерди жүргүзүү үчүн курал-жарактардын жетишсиздиги.

-Сырткы жана ички мигрант үй-бүлөлөрдүн көбөйүшү

 

 

 

Кадрдык саясаттын эффективдүүлүгү

 

2.1.Педагогикалык, административдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналды жумшка алуунун (бошотуунун) объективдүү критерийлерин жана шарттарын камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушуКТО №95 МГ  Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык педагогикалык кызматкерлерди жана кенже  тейлөөчү персоналды  жумушка алуунун, жумуштан бошотуунун механизми катары ички  локалдык актылардын бири  болгон мектеп администрациясы,профсоюз уюму жана мектеп кызматкери ортосунда түзүлгөн   Эмгек келишиминин талаптарына ылайык иш жүргүзүлөт.

Окуу жылынын  башталышында « Эмгекти коргоо боюнча  мектеп үчүн түзүлгөн инструктаждын» негизинде мугалимдердин кол тамгаларын койдуруу менен  инструктаж өткөрүлүп,атайын журналга катталат.Мектеп персоналынын иштөөсүнө талапка ылайык шарттар түзүлгөн. Эмгек күнүнүн узактыгы жана кызматкерге коюлган талаптар эмгек келишиминде  көрсөтүлөт. Мектеп кызматкерлеринин Эмгек келишими Кыргыз Республикасынын  Эмгек кодексинин 379- беренесинин,Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтү тарабынан бекитилген Типтүү жобонун негизинде  түзүлгөн ички эрежелер топтомун ,локалдык актыларды эске алуу менен түзүлгѳн

 

2.2.Штаттын комплектелишинин, пед персоналдын квалификациясынын жана билим берүү программасына шайкеш келүүсү.Мектепте бардык предметтик сабактар боюнча толук комплектиленген. Бардык мугалимдер өз адистиги боюнча сабак  беришет. Мугалимдер мектеп муктаждыгына жараша КР  Эмгек кодексине ылайык ишке кабыл алынат.

 

 

2.3.Физикалык жана  психологиялык коопсуз чөйрөнү ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механимдердин жана жол-жоболордун болушу.Окуучулардын мектепте билим алуусу үчүн коопсуз физикалык жана психологиялык ыӊгайлуу шарттарды түзүү максатында бардык аракеттер көрүлгөн.

Окуучулардын мектептеги психологиялык коопсуз чөйрөсүн камсыз кылуу максатында Мектептеги “Электрондук ишеним телеграмм почтасы” пайдаланылат. Соц.педагог жана уюштуруучу тарабынан көзөмөлдөнүп турат. ИДН кызматкерлери менен биргеликте ай сайын чогулуштар, рейддер жүргүзүлөт.Психолог  окуучулар арасындагы психологиялык чөйрөгө анализ жүргүзүү максатында окуучулардан, ата-энелерден жана мугалимдерден анкеталарды алат.Окуучулардын коопсуздугунун алдын алуу маселеси “купуя кутучадагы” баланын психологиялык көйгөйүн ата-энелер менен бирдикте маек жүргүзүү аркылуу чечилет.

 

2.4.Педагогикалык, административдик, кенже тейлөөчү жана окутуучу-көмөкчүнүн ишин баалоонун, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жол-жоболордун болушуМектептеги иштелип жаткан иштерди, анын ичинде мугалимдердин ишмердүүлүгү, администрациянын, кенже тейлөөчү кызматкерлердин иштерин баалоо боюнча мектепте атайын эксперттик комиссия  иш алып барып, квартал сайын ар бир персоналдын иши бааланган.

Бирикме жетекчилери тарабынан өздөрүнүн бирикмесиндеги мүчөлөрүнүн ишин карап чыгып, берилген критерийлердин негизинде баллдык система түрүндө баалашкан.

Кызматкерлердин ишин баалоо, грамота менен сыйлоо, Билим берүү жана илим  министрлигинин Ардак грамотасына, “Билим берүүнүн мыктысы” наамдарына мектеп ичиндеги өткөрүлгөн иш чараларга, райондук, шаардык деңгээлдеги мугалимдердин ар кандай түрдө өткөрүлгөн сынактарга катышуусу, окуучулардын жетишкендиктери, сынактарга катышуусу жана башкалары мектеп тарабынан бааланып, кесиптик бирликтин чогулушунда каралып, педагогикалык кеңеште сунушталып, чечим чыгарылат.

Ар бир мугалим өзүнүн кесиптик  чеберчилигин  өркүндөтүү, өз билимин өстүрүү үстүндө иштейт.

Мугалимдер белгиленген графиктин негизинде  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунан предметтер боюнча курстардан өтүшөт.

Мектеп ичинде бирикмедеги  мугалимдердин тажрыйба алмашуусу, топтомдорду иштеп  чыгуусу, жолдоштук сабактарга катышуусу, предметтик декадалардын өтүлүшү, шаардык семинарларга катышуусу,онлайн курстарга катышуусу  мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн бир бөлүгү болуп эсептелет.

 

 

Күчтүү жактары: Мектептин бардык предметтер боюнча кесипкѳй, атайын адистиги бар мугалимдер менен толук камсыз болушу.

—  Семинар-тренингдерге катышуулары жана инновациялык технологияларды колдонуу менен метод алмашып сабак өтүлөт.

-КТУнун жана мугалимдин ишмердүүлүгүнүн сапатынын негизинде стимул берүү.

Алсыз жактары; мугалимдердин жана техкызматкерлердин айлыгы аздыгына байланыштуу туруксуздугу.

-Мугалимдердин класстан тышкаркы иштерди жүргүзүүдө кабинеттердин жетишсиздиги

 

 

Сунуштар

 

  1. Материалдык-техникалык база
3.1.Билим берүү процессинин  катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү  чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын, жайлардын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал, актылар залы, медициналык пункт, ашкана), ошондой эле жашоо үчүн тиешелүү шарттары бар жатаканалардын (эгерде болсо) болушуМектеп  окуучуларынын татыктуу билим.

жеткиликтүү тарбия алышы үчүн предметтер боюнча атайын жабдылган окуу кабинеттери,компьютердик класстар бар. Дене тарбия сабагы бардык шарттары бар спорт залда өтүлөт.

Мектеп ашканасы 120 орундуу

КРнын 2002-жылдын 27-июнундагы № 111 КРнын жалпы билим берүү мектептериндеги окуучулардын тамактануусун уюштуруу тууралуу указы чыккан. Мектепте 1-4-класстардын окуучулары үчүн ысык тамак берилет.

Окуу кабинеттеринде символикалар,класстык бурчтар, көрсөтмө куралдар үчун шкафтар, предметтерге ылайыкталган стенддер бар.

Жалпы класстардын саны: 31

Лабораториялык кабинеттер -2 (химия. физика), каражаттар аз.

Кабинеттерде окутууга керектелүүчү маалыматтык-техникалык каражаттар:

1.компьютер – 41 шт (окуучулар үчүн)

2.проектор -1 шт

3.интерактивдүү доска-1 шт

4.телевизор- 2шт.

Интернет 8  кабинетке тартылган.3 этажда 6 интернеттик роутер бар.Баардык кабинетте интернет менен иштөө мүмкүнчүлүк бар.

Мектеп администрациясында 5 компьютер  4 принтер бар.Спорт залда: балдар жана кыздар үчүн кийинип – чечинүүчү бөлмө, баскетбол, волейбол, турник,  гинастикалык шыргай бар.Спорт аянтчасында: футбол, волейбол, баскетбол аянтчасы жана узундукка секирүү аянтчасы бар.

Мектепте медкабинет бар. Медкабинетте муздаткыч, кушетка, дары-дармек жана

ф-63,ф-26 документ салынган шкаф бар. Кварцтык лампа башталгыч класстарга коюлган.

 

 

 

 

 

3.2Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)Окуу имаратынын коопсуздугу,тиешелүү санитардык-гигиеналык шарттардын аткарылышы, класстык бөлмөлөрдөгү нормага ылайык жылуулуктун болушу,желдетилиши,таза суу жана пандус менен камсыз болушу сыяктуу орчундуу маселелер Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтү тарабынан 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 токтому менен бекитилген Санитардык-эпидемиологиялык  эрежелер жана ченемдерге ылайык түзүлгөн №50 мектепте санитардык- эпидемиологиялык шарттарды сактоо жөнүндөгү ички эрежелери жана мектептин “Эмгекти коргоо жана техникалык

коопсуздук эрежелерин сактоо” боюнча усулдук колдонмосун жетекчиликке алуу менен жүргүзүлөт. Окуучулардын ден соолугун коргоо,жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн медсестра  менен бирдикте лекциялар окулуп,түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Мектепте санитардык-эпидемиологиялыккызматтын жана гигеналык эрежелер жана ченемдер Билим берүү башкармалыгына келген буйруктар жана алгоритмдердин негизинде ишке ашырылат.

Өрт коопсуздугунун алдын алуу жана эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери боюнча мугалимдерге, окуучуларга жана тех.кызматкерлерге нускаманын негизинде түшүндүрүү инструктажы өткөрүлөт, журналга кол коюлат.

Химия, физика, технология, информатика кабинеттеринде жана спорт залда окуучулар үчүн коопсуздук техникалык эрежелер өткөрүлүп, атайын журналдарга таанышкандыгы тууралуу колдору коюлат

 

 

3.3.Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушуМатериалдык техникалык база боюнча анализ жүргүзүлгөн. Долбоор тартуу жана материалдык техникалык базаны жакшыртуу боюнча өсүш жылдан жылга көбөйүүдө

Күчтүү жактары: мектепте окуучулардын толук кандуу билим алышына тиешелүү  шарттын болушу.

— Материалдык техникалык базанын камсыздалышында ѳсүү динамикасынын болушу.

— Коопсуздук эрежелеринин  сакталышын шарттаган иш аракеттердин жүрүшү.

Алсыз жактары Мектептеги окуучулардын  жыштыгы. Мектептин проекттик күчү -600 орундук, бүгүнкү күндө 2632 окуучу билим алат

 

  1. Финансы ресурстарын башкаруу

 

4.1.Финансылык пландоо системасынын болушуФинансы ресурстарын башкаруу  эки бѳлүктѳн турат.

— Бюджеттик каражаттар менен иш алып баруу.

— Бюджеттик эмес каражаттар менен иш алып баруу.

Мектептин кѳйгѳйлѳрүн аныктап чыгууда бардык кѳйгѳйлѳр тизмектелип чыгат. Ал кѳйгѳйлѳрдү чечүүнүн максаттары аныкталат. Ал максаттарды ишке ашыруу үчүн далилденген милдеттер келип чыгат. Бул милдеттерди чечүү финансылык ресурска барып такталат.Мына ошондой милдеттердин приоритети аныкталат. Ошол чечүү муктаждыгына жараша тизилет жана матрицалары иштелип чыгат. Окуу жылын аяктаганда,натыйжалар анализделип, чечилбей калган айрым маселелер кийинки жылдын планына киргизилет.

КР «ББ законунун №92 30.04.2003 жылдагы 43 статьясынын негизинде мамлекеттик бюджеттен мектептеги кызматкерлердин айлык акысына, коммуналдык кызматтарга, утурумдук ремонт иштерине,  соц.фондго, жана башкага бөлүнөт. Пландоодо керектүү  чыгымдар жазылат.

4.2.Кошумча финансы ресурстарын тартуу, бөлүштүрүү жана отчеттуулук боюнча ачык-айкын механизмдердин болушуМектептин ишин камсыз кылуу өнүктүрүү жана матералдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн какмкорчулук кеңеши , финансылык жана башка матералдык каражаттарды издейт жана тартуу боюнча иш жүргүзүп келүүдө
4.3.Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушуКошумча финансы жергиликтүү бийлик, райондук, шаардык кеңештин депутаттарынын жардамы менен ишке ашат. Кытай Эл Республикасынын элчилиги

Финансылык ресурстарды ѳркүндѳтүү, жакшыртуу боюнча тѳмѳнкү механизмдер колдонулат:

ЧОГУЛУШ: долбоорлор үчүн иштелип чыккан тендер үчүн каражат алуу,

БААЛОО: билим берүү процессиндеги кызыкдар тараптын сурамжылоолору, КК отчеттору. Китепкананын отчету

ТАЛДОО: Ата-энелер чогулуштары , пед кенешмелер, ПЛАНДОО: окуучулар менен мугалимдердин катышуусунда чыгымдоо стратегиясын иштеп чыгуу тренингин ѳткѳрүү, пед кенеште кароо.

Ѳнүгүү план:

1) коомдук бирикмелердин катышуусунда каражаттарды тартуу

2)Демѳѳрчүлүктү тартуу

3) Ар кандай денгээлдеги долбоорлорго катышуу

4) кошумча билим берүү кызматтарын уюштуруу 5.)Кѳзѳмѳлчүүлѳр кенеши тарабынан каражаттарды тартуу

 

 

Күчтүү жактары: -Шаардык билим берүү башкармалыгы жана райондук билим берүү борборунун каржылоосу.

 

Алсыз жактары; кенже ерсоналдардын айлык акысынын аздыгы. Миграциянын күчөшү.

 

Сунуштар