№95 мектеп-гимназия Орто жалпы билим беруучу мектеп №95

Ата-энелер үчүн маалымат

Ата энелер үчүн эскертме

Балаңыз ден соолукка зыяндуу заттарды колдонуп жатканын кантип байкоого болот?

Алгач,биз Сизди алдын ала эскертип коюбуз керек,сиздин балаңызга(кызыңызга) карата шектенүүңүз сиз тарабынан ойлонулуп,жумшак,адеп менен айтылышы

керек.Балаңыздын мүнɵзүндɵ ɵзгɵргɵн жүрүм турумдун бир эмес бардык белгилери байкалган учурда гана,үй бүлɵңүз менен кенешип,бардыгын таразалап тактап туруп ,анан балага ɵз күмɵн санооңузду айтууга тийишсиз.

Алар кандай белгилер?

  1. Бала(кыз) үйдɵн бат бат чыгып кетип жатат.Ал чыгып кетүүлɵрүн жакшы түшүндүрɵ албайт,же маанисиз нерселер менен түшүндүрɵт.Сиздин ага «мен сарсанаа болом»дегениңиз,кайда жүргɵнүн билүү үчүн тактап суроо бергениңиз,анын тез ачуусун келтирет,кыжырдантат.
  2. Бала (кыз) бат баттан эле калп айта баштады.Калпы бир башкача.Жалгыз эле үйдɵ жок болгону тууралуу эмес,бардык учурларда калп айта баштады.Мектептеги окуусу тууралуу,ж.б. Калп айтуулары бири бирине окшош,же тескерисинче ɵтɵ эле

чаташкан,түшүнүксүз. Калпын кичине чындыкка окшоштурууга аракеттенбей да калды.

  1. Ɵтɵ аз убакыттын ичинде сиздин балаңыздын бардык достору,чɵйрɵсү алмашып кетти.Сиз андан «сенин аябай жакын досуң Нурсултан кайда кетти?» деп сурай баштадыңыз.Сиздин балаңыз колун шилтеп коет же Нурсултан таптакыр бошобой калды деген жооп угасыз.Балаңыздын жаңы досторун таптакыр кɵрбɵйсүз,үйүңүзгɵ

киришпейт,,эгерде келип калышса шашып эле эшиктин алдында шыбырашып сүйлɵшүп

кетип калат.Телефондон кɵп чалуулар келип, «жашыруун» сүйлɵшүүлɵр кɵбɵйдү.Балаңыз сизге ким чалганын айтпайт,сүйлɵшүп жатканда слэнг сɵздɵрдү колдонот. Тɵмɵндɵгү сɵздүктɵн кɵрɵ аласыз.

  1. Балаңызды (кыз) үй бүлɵдɵгү кɵйгɵйлɵр таптакыр кызыктырбай калды.Мисалга сиз туугандарынын(атасы,апасы,карындашы,иниси ж.б.) ооруп жаткандыгы,жагымсыз окуяга дуушар болгондугу тууралуу сүйлɵсɵңүз, ал угуп жаткандай түр кɵрсɵтүп,бирок

кеп эмне жɵнүндɵ болуп жатканын түшүнбɵйт.Ал учурда таптакыр башка нерсе тууралуу ойлонуп жатат.Ал сизге ишенбей,алыстап, «муздак» болуп ɵзгɵрүп кетти..

  1. Ɵтɵ ɵзгɵрдү.Негизинен терс жакка ɵзгɵрүлдү: себеби жок эле

кыжырданып,кыйкырынып,долуланып калды.Маанайы тез тезден ɵзгɵрүлүп жатканын байкайсыз.Эки мүнɵт мурун эле шайыр шатман,кыска телефон сүйлɵшүүдɵн кийин эле кечке чейин түнɵрүп ойлуу жүрүп калды.

  1. Мурунку кызыкан нерселерге кызыгуусу жоголду.Бала (кыз) китеп окубай,телевизор(кино) кɵрбɵй калды.Сабак окубай,даярданууга аракет да кылбастан эле китепти жɵн гана ачып алып отурганын байкасаңыз болот.
  2. Уктоо тартиби ɵзгɵрдү.Кээде бир күн кечке уктап жатышы мүмкүн,кээде түн ичинде уктабай басып жүргɵнүн байкайсыз.
  3. Үйүңүздɵн акча,буюмдар жоголо башташы мүмкүн.Башында анда санда гана болушу мүмкүн.Биз билгендей, бул нерсе жок дегенде бир жолу болушу мүмкүн.
  4. Балаңыз (кыз) кечкисин үйгɵ мас болуп келгендей сезиле баштайт.координациясы бузулуп,кɵз карашы ɵзгɵрүп,кɵзүн ала качып,батыраак ɵз бɵлмɵсүнɵ качып баштайт.

Кɵңүл буруңуз!

Дагы бир жолу кɵңүлүңүздү бурабыз.Ɵйдɵдɵ сүрɵттɵлгɵн белгилер ɵспүрүм курактынпсихологиялык кыйынчылыктарынын белгилери(симптом) да болушу мүмкүн.Кээ бир учурларда психикалык оорулардын башталышы да ушундай белгилер

менен коштолот.Сиз балаңыз наркотик жɵнүндɵ ɵйдɵдɵ сүрɵттɵлгɵн жүрүм турумундагы ɵзгɵрүү белгилеринин 9унун 8и байкалганда,ошондой эле абдан байкап,ойлонуп,таразалагандан кийин гана ойлоно баштасаңыз болот.

Кимге кайрылуу керек: Соц. педагог: 0706 960 017

Психолог: 0708 808 290