9-май Улуу жеңиш майрамы.
Бүгүн 9-май Улуу Жеңиш күнү. 1941-1945-жылдар аралыгы эң оор, эң кайгылуу, эң көп жоготууга алып келген учур. Эң биринчи Жеңиш майрамы 1945-жылы 9-майда күнү болуп көрбөгөндөй майрамдалган. Көчөлөрдө адамдар бирин-бири куттуктап, каректерде сүйүнүчтүн ыйы айланган. Совет эли жана анын ичинде Кыргызстанда дагы Улуу Жеңиш майрамы белгиленип келет. 1965-жылы гана Жеңиштин 20 жылдыгында 9-майдан баштап бардык атрибуттары менен (аскер парады, согуш ардагерлеринин салтанаттуу жүрүшү, Жеңиш салюту) майрамдала баштаган. Биздин мамлекетибизден да көптөгөн баатыр азаматтар катышып, элдин сыймыгы, эл баатыры аталып, азыр өлкөбүздө саналуу гана согуш ардагерлери калды.
Бул күндү №95 мектеп-гимназиясы да салтанаттуу иш-чара менен белгилеп өтүштү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни менен ачып, андан соң мектеп директору Сардарбекова Айнура Карагуловнага сөз берилип, концерттик программаны ачып берди.Анда мектеп окуучулары согуш күнүнө арналган ыр-бийлерди аткарышып, көркөм окуу жана согуш учурундагы мезгилди чагылдырып беришти. Жана ошондой эле кыргыз элине жана дүйнө жүзүндө тынчтык, ынтымак өкүм сүрүүсүн, кең келечек, ачык асман болуусун тилеп өтүштү.
Комментарии