Кыргыз жараны концепциясы
“Кыргыз жараны” деген эмне?
Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын логикалык уландысы болуп саналат. Концепцияда Кыргыз Республикасында улуттук саясатты калыптандырууга жаңы мамиле жасоо — Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү процессин баштоо сунушталат. Этностор аралык ынтымакты бекемдөөгө, жарандык бирдейликти жана туруктуулукту камсыздоого өбөлгө түзүүчү мындай саясатты улантуу зарылчылыгын тажрыйба көрсөттү.
Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү ар бир кыргыз жаранын өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий турмушуна катышуусу үчүн бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, коомдо көп түрдүүлүктү сактоо жана толеранттуулукту жогорулатуу жолу менен жетишилет. Толеранттуулук жана көп түрдүүлүк деген баалуулуктар ар түрдүү социалдык топтордун жана этностук жамааттардын ортосунда активдүү кызматташууну, өнөктөштүктү жана биргелешкен ишмердүүлүктү талап кылат.
Мамлекеттик тил Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү маанилүү факторлордун бири болуп эсептелет.
Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусу билим берүүнүн, маданияттын, үй-бүлөдө жана коомдо инсанды тарбиялоонун жана өстүрүүнүн бир бөлүгү болушу керек. Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясынын идеяларын жайылтууда мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдары өзгөчө орунду ээлейт, алар бекитилген конституциялык ченемдерди ишке ашырууга жана ар бир жарандын керектөөлөрүн камсыз кылууга тийиш.
Кыргыз жараны тууралуу Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) “Замана” берүүсүнөн келген коногубуз, бачндамачы Адахан Кожогулов кытай тилин окутуучу №95 мектеп-гимназиясына келип, атайын Кыргыз жараны тууралуу видео-материал тартып кетти. Бул берүүгө биздин мектептин директору Сардарбекова Айнура Карагуловна кыргыз жараны тууралуу өзүнүн ой-пикирин айтып өттү. Ошондой эле директордун орун басарлары жана мугалимдери да кыргыз жаранынын чечмелениши жөнүндө маалымат берип өтүштү. Ал эми ар бир класста Кыргыз жараны тууралуу тарбиялык саат өтүлдү. Бул тарбиялык саатта “Кыргыз жараны” деген эмне? – деген суроого кантип жооп бере алабыз, анын мааниси кандай экенин биле алышты.
Комментарии